Сүйлөй албоо, сөз айта албай булдуруктап калуу. Айтор, бир нерсе айтууга таптанып келип эле тили күрмөөгө келбей калат (Каимов). Бирөөлөрдү чакырып, кыйкырайын деди эле тили күрмөөгө келбей койду (Абдукаимов).
Сүйлөй албоо, сөз айта албай булдуруктап калуу. Күрмөөгө келбей тилдери, Сүйлөй албай балдырап (Осмонкул). Айтор, бир нерсе айтууга таптанып келип эле тили күрмөөгө келбей калат (Каимов). Бирөөлөрдү чакырып, кыйкырайын деди эле тили күрмөөгө келбей койду (Абдукаимов). В.: Тили күрмөлбөө. Суукка кайыгып калдык окшойт, тилибиз күрмөлбөй калды («Ала-Тоо»). Тили күрмөлүү. Бирдеме айтайын десе, Теңирберген менен Акбаланын ортосу бетине чиркөө болуп, тили күрмөлүп турат (Укаев).